Жаңылыктар / 25.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1357

Бишкекте «Реакция» деп аталган жарандык акция болду. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулгандар «коррупционерлер камалсын» деген талаптарды айтышты.

Журналисттик иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин айтымында, мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов суракка чакырылышы мүмкүн.

Үрөй учурган жол кырсыгы. Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыгында 5 киши каза таап, 11 адам жабыркады.

«Көп түкүрсө көл болот». Чүй областында балдар үйү ашар жолу менен жаңыланып, ичи эмерекке толтурулду.