Жаңылыктар / 25.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

734

Октябрдагы парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы бюджеттин эсебинен каржыланганбы? Талапкер катары ат салышкан президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев бир жетекчини коркутуп, мамлекеттин 7 миллион сомуна ээлик кылган деп камакка алынды.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүн коалициясы ыдыратылабы? Саясий альянстын курамын кайра карап чыгуу сунушу киргизилди.

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратында эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары отурушат. Бул боюнча тендер жарыяланды.

1-декабрдан тарта Кыргызстандагы кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилет. Бирок кинозалда отурган көрүүчүлөрдүн саны 50 пайыздан ашпашы керек.