Жаңылыктар / 25.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1284

Шайлоо жакындаган сайын добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалгандар көбөйүүдө. Ошто “Ыйман нуру” партиясынын 2 үгүтчүсү камакка алынып, 1 муниципалдык кызматкер жумуштан четтетилди.

Саясий өнөктүк өткөрүлгөн күнү добуш берүү тилкелерине 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Бишкекте тартип сакчылардын саптык кароосу өткөрүлдү.

Акыркы убакта кудуктардын капкактарын уурдагандар көбөйүп, мунун айынан чуңкурга түшүп кетип каза тапкандар болууда. 10 күн мурда Бишкек шаарында 42 жаштагы жаран көз жумган.

Жакында коомдук тамактануучу жайларга жана соода борборлоруна QR-код менен гана кирүү уруксат берилет. Жаңы эреже бир жумадан кийин милдеттүү болуп калышы ыктымал.