Жаңылыктар / 25.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1048

Сотторду жоопко тартуу иштери токтойбу? Судьяларды камоого уруксат берген тартип комиссиянын жаңы курамы түзүлө элек.

Спорттук карьерасын криминалдык дүйнөгө алмаштыргандар. Убагында чемпион болуп, кийин кылмыш иштерине аралашып кеткендер көбөйдү. Спорт агенттиги андайларга карата кандай чараларды көрүүдө?

Кыргызстандын 29 окуу жайынын 70 студенти президенттик стипендияга ээ болду. Жакшы окуган улан-кыздарды сыйлоо аземи өттү.

Контейнерде жашаган фельдшер Толкун Рахматова үйлүү болду. Кайрымдуу адамдардын жардамы менен тамга жеткен 4 баланын энесинин сүйүнүчү койнуна батпай турган кези.