Жаңылыктар / 26.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

586

Акыркы 20 күн аралыгында эле Бишкек шаарында 15 үй-жайсыз адам суукка тоңуп каза тапты. Ал эми буту-колун үшүккө алдыргандарды дарыгерлер дароо врачтарга кайрылууга чакырышууда.

Сот тутумун реформалоо аракеттери ишке аштыбы? Парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракцясынын отурумунда сот тармагындагы маселелер каралды.

Жаз алды менен ар кандай жаратылыш кырсыктары болуу ыктымалдыгы чоң. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болуп, адистер эскерткендей, кооптуу аймактан көчүү керектигин айтууда.

Эми жол эрежесин бузгандар мурдагыдан катуу жазаланат! Жөө жүргүнчүнү сүзүп, жардам бербей качып кеткен кылмышкерлер жети жылга чейин эркинен ажыратылат.