Жаңылыктар / 26.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1038

Борбор Азиялык энергетикалык шакекчеде болгон авариядан келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Кыргызстанда электр жарыгы үзгүлтүксүз берилүүдө, Өзбекстанда жарым жартылай калыбына келтирилди.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу менен кимдер алектенип жүргөн? Башкы прокуратура “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү оюнан кайтууда. Бул маселе Жогорку Кеңештин депутаттарын эки жаатка бөлдү.

Жазында эл каттоо башталат. Улуттук статистика комитети бул үчүн 27 миңдей кишини жумушка алат. Алар 25-мартка чейин окуудан өткөрүлөт.