Жаңылыктар / 26.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

593

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды. Ал атайын кызматка Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында көрсөтмө берүүгө барды.

Бишкек мэри ээрден түшкөнү калдыбы? Шаардык Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү демилгеледи.

Кызматта он күн отурган аткаминерлер. Жаңы премьер-министр эски өкмөт башчы дайындаган финполдун жетекчилерин жумуштан алды.

Сатып алууларды өткөрүүдө 5 миллиард сом сол чөнтөккө кетет. Тармактагы коррупцияны жоюу үчүн тендер уюштурууда кызматтын же товардын баасын жашыруу сунушталды.