Жаңылыктар / 26.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1448

Өзгөндө жок кылынышы керек болгон паспорттор чет өлкөлүк жарандарга сатылып келген. 6-7 кишиден турган уюшкан кылмыштуу топ 3 жылдын ичинде 1200 документти берип жетишкен.

Эл аралык маанидеги Ош-Бишкек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда жүргөн айдоочулардан акы алынышы мүмкүн. Транспорт министрлиги жолдорду жеке компанияларга өткөрүп берүү иштерин баштады.

Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген жаныбарларды жок кылгандар кармалды. Бири өзгөчө коргоодогу ак илбирсти атып алса, экинчи браконьердин үйүн тинтүү учурунда эки күрөң аюунун териси табылган.

Чүй областынан уурдалган 50дөн ашык жылкынын дайыны Казакстандан табылды. Кылмыштуу топ Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп, үйүр жылкыны айдап кеткен.