Жаңылыктар / 26.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1237

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 2 жаран качуу аракетин жасады. Бирок ал ишке ашпай, бир адам атып өлтүрүлдү.

Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала ур-токмоктон улам каза болду. Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы аял кармалды. Бөбөктү апасы кудачасына таштап, Россияга кеткен.

Жыл башынан бери чет өлкөдө каза болгон 122 кыргызстандык жарандын сөөгү алып келинди. 15-майдан тарта бул чыгымдарды өкмөт төлөй баштайт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Антпесе күз-кыш мезгилинде кыйынчылык жарала турганы айтылууда.