Жаңылыктар / 26.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1210

Ак-Тилек жана Кара-Суу өткөрмө бекеттеринин аймагында кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу башталды. Коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында 2 тараптуу 13 документке кол коюлду.

Окуучулардын тарбиясынын тайкылыгыбы же алар менен тил табыша албаган мугалимдердин кесипкөйсүздүгүбү? Жалал-Абаддын Сузак районундагы Сафаровка айылында 7-класстын окуучусун сабаган педагог иштен кетти.

Талаптарга жооп бербегени үчүн жабылсын деген чечим чыккан жеке менчик медициналык клиникалар жумушун улантууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги чечимге баш ийбегендер менен соттошууга белсенүүдө.

Чүйдө жасалма диплом менен иштеп жүргөн адис чекисттерге пара берип жатканда кармалды. Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын жогорку билими бар же жоктугун тастыктаган документтерди текшерүү аягына чыга элек.