Жаңылыктар / 26.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

626

Жолдун чуңкурларына көмүлгөн миллиондогон сомдор. Адистер асфалттын оюктарын жамап оңдоону токтотуу керектигин айтышууда.

Мурда соттолгондор президент жана Жогорку Кеңештин депутаты болбошу керек. Парламентте бул тууралуу мыйзам долбоору сунушталууда.

Милициядан таяк жедиби же кулап түштүбү? Бишкек шаарынын тургуну тартип сакчысы сабады деп даттанса, экинчи тарап бул жалган жалаа экенин айтууда.

Дагы бир аптага жакын убакыт! Ишеним кат менен сатылган автоунааларды арзандатылган баа менен кайра каттоо акциясы 2-июлдан кийин улантылбай калышы ыктымал.