Жаңылыктар / 26.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

774

Экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнө блок-посттор орнотулуп, боз үйлөр тигилип, таш төгүлдү. Парламент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин карайт.

«КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы ызы чууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги бар. Бул маселеге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия корутундусун чыгарды.

Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр. Президент Сооронбай Жээнбеков кырсыкта курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бишкекте кайдыгер эмес жарандар жардам чогулта башташты.

Үй-бүлөлүк чыр өлүм менен аяктады. Күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабаган аял жолдошунун канына забын болду.