Жаңылыктар / 26.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

679

Студенттерди коркутуп, белгилүү бир талапкер үчүн үгүттөө фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Факты аныкталса, айыпкер 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Кыргыз темир жолу» компаниясынын башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин үгүт жүргүзгөнү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү тиешелүү органдарга кайрылышат. Бул ирет да жетекчи жазасыз калабы?

Шайлоо иштерине кылмыштуу топтордун өкүлдөрү аралаша баштадыбы? Аймактарда айрым талапкерлерди колдоп, шайлоочуларга таасир этүү аракеттери болуп жатканы айтыла баштады

Бишкек шаарында 2 унаа өрттөнүп, анда эки киши күйүп кетти. Фактылар иликтенүүдө.