Жаңылыктар / 26.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

588

Өкмөттүн түзүмү жаңы жылдан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Ал арада аткаруу бийлигинин курамы жаш кадрлар менен толуктала баштады.

Аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү аткаруусуна жетекчиликтин иши жетишсиз болууда. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрүнүн ишмердигин сынга алды.

Кыргызпатент жана “Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы” телекөрсөтүүдөгү каракчылыкка жана башка бирөөлөрдүн товардык белгисин колдонууга каршы биргелешип күрөшөт! Бул тууралуу Меморандумга кол коюлду.

Курулушу бүтпөй жатып, четинен урай баштаган имарат. Араван районундагы оорукананын курулушу 7 жылдан бери бүтпөй турат.