Жаңылыктар / 26.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

938

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги нефтетрейдерлерге күйүүчү майдын баасын жогорулатпоо боюнча эскертүү берди. Кара майдын наркын ооздуктоого аткаминерлердин алы жетеби?

200гө жакын адам ууланган “Империя пиццы” кафеси 21 миң сом штрафка жыгылды. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти башка тамактануу жайларын текшерүүгө кирише элек.

Өкмөттө кадрдык өзгорүүлөр уланууда. Бажы кызматынын жетекчилиги толугу менен алмашса, санариптик өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн түзүмүнө кайрадан киргизилип, мурдагы башчысы ордуна келди.

Көкүрөк рагынан жабыркап, абалы өтө оорлогон Алина Батурова кызы менен жолугуша албай кыйналууда. Казакстандын жараны болгон күйөөсү 2 жылдан бери баласын көрсөтпөй жатканын айтууда. Тышкы иштер министрлиги бул боюнча эмне дейт?