Жаңылыктар / 26.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1228

Таң атпай Бишкекте банктардын биринде миллион сомдон ашык каражат уурдалды. «Кармоо» операциясы жарыяланып, шектүүлөрдү колго түшүрүү аракети жүрүүдө.

700 миллион эмес, 932 миллион доллар. Финполициянын жетекчиси “Азаттыктын” «Өлкөдөн чыгарылган акчалар» тууралуу иликтөөсү жөнүндө айтып жатып, чыныгы сумманы ачыктады.

Үй-бүлөнүн бөйрөк алмаштырууга деп чогулткан акчасын уурулар жымырып кетишти. Алар акча кайда турганын так-даана билишкен. Шектүүлөрдү милиция издеп таппай жатат.

Үшүгөн окуучулар, кыскартылган сабактар. Жылуулук системасынын иштен чыкканы тууралуу убагында маалымат бербеген Бишкектеги №3 орто мектебинин жетекчисинин аракеттери териштирилүүдө.