Жаңылыктар / 26.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

932

11-класска чейин окууну милдеттендирүү, англис тилине расмий макам ыйгаруу. Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан кеңешменин мүчөлөрү өзгөчө демилгелери менен коомчулуктун көңүл чордонунда.

Октябрь окуяларында ишин таштап, качып кеткен ички иштер министри менен УКМКнын төрагасына эмнеге чара көрүлбөй жатат? Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан көтөрүлдү.

Кытай Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырууга макул. Бирок ал үчүн кошумча 3 миллиард төлөөгө туура келет. Анда бересенин мөөнөтүн жылдыруунун кажети барбы?

Адам жаны — аманат. Авариялардын санын азайтуу максатында дин кызматкерлери айдоочулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Муфтий жума хутбаларын даярдоо тапшырмасын берди.