Жаңылыктар / 26.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1320

Парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну каалагандар кимдер? УКМК кылмыштуу топтун 15 мүчөсүн кармады. Алар миңге жакын агрессивдүү жаштарды топтоп жаткан.

4 жетекчиге сөгүш берилип, эки аткаминер жумуштан айдалды. Коопсуздук кеңешинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу, энергетика, шайлоого байланыштуу маселелер каралды.

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулбай коюшту. Башкы прокурордун камакта отурган эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестиктен ажыратуу сунушу каралбай калды. Бул маселе эмнеге күн тартибине чукул киргизилди?

Диплом талап кылбаган, бирок дайыма керек болгон кесип ээлери. Бүгүн өтүкчүлөрдүн эл аралык күнү. Өтүк ултаруу кирешелүү жумушка айлангандыктан, бул кесипти аркалагандар көбөйүүдө.