Жаңылыктар / 26.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)
3618
Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерин атып кетишти. 35-жаштагы адамга кол салууну ыкчам топ иликтеп жатат.
Жогорку Кеңеште 2 депутат жакалаша кетти. Ага Бишкектин булганган абасы себеп болду. Дегеле быйыл парламентарийлер эмнеси менен эсте калышты?
Футбол борборун куруу маселеси чечилбесе Бишкекте оюн көрсөтпөйбүз. Кыргызстандын улуттук курамасы мэрияга талап койду.
Балдарга бактылуу балалык жана ийгиликтүү келечек камсыздаш үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө балдарын жаңы жылдык балаты майрамы менен куттуктады.