Жаңылыктар / 27.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

800

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Ал “Кумтөр Голд Компани” ишканасына кошумча жер бөлүп берген, жогорку кызматта турганда эбегейсиз байлык топтогону айтылууда.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземине даярдыктар кызуу жүрүүдө. Инаугурация канча бөлүктөн турат жана ага кимдер катышат?

Жылдагы көрүнүштү кайталабай, быйыл башкача даярдангыла! Артём Новиков жазгы талаа иштери боюнча жетекчилерге талап койду. Ал арада соода-жайларда айрым азыктардын баасы асман чапчып баратат.

Кыргыз адабиятына жаңылык киргизип, өзгөчө таланттын ээси болгон акын. Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 87 жашында дүйнөдөн кайтты.