Жаңылыктар / 27.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1184

Шаирбек Ташиевдин мандаты боюнча чекитти спикер коебу? «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы төрагага кайрылып, Ташиевдин депутаттыктан баш тартуусунун себептерин иликтөөнү өтүндү. Ал эми Исхак Масалиев экинчи мандат алууну эңсеп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Казакстан менен Өзбекстан кызыкдар. Кыргызстан өз алдынча гидроэлектростанция салууга алы келбейби? Башка мамлекеттердин аралашуусуна айрым эксперттер тынсызданууда.

Кордолгон мугалимдерди ким коргойт? Окуучуну урганы үчүн жумуштан кеткен эжейди колдогондордун катары көбөйүүдө. Билим берүү министрлигинин алдында митинг дагы уюштурулду.

Кымбат күйүүчү майдан баш тартып, экологияны коргоо үчүн бир кадам. Электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Бирок айдоочулар жапырт электр унааларга өтүп жатат деп айтуу азырынча эрте.