Жаңылыктар / 27.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

553

Жылуулук электр борборуна байланыштуу маалыматтар жашырыла баштадыбы? Чуулгандуу фактылар чыгып жатканда, депутаттык комиссия бул жолу жыйынды жабык өткөрдү.

Жаңы төрөлгөн жээнин 20 миң сомго баалаган таяне үй камагына бошотулду. Ал эми наристенин энеси чүрпөсү сатылганын билбегенин айтып, бирок аны багууга мүмкүнчүлүгү жок экенин мойнуна алды.

Камактагы ар бир үчүнчү адам кыйноого кабылат. Бирок 15 жылда мындай кылмышка барган 4 милиция кызматкери гана жазаланган.

Кыргызстанда маданият жайларынын жана артисттердин көйгөйлөрү гана айтылып, майрамдык маанай байкалбайт.