Жаңылыктар / 27.03.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

594

Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү келечекке инвестиция. Бишкекте Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун биринчи форуму өттү.

Өмүрбек Бабанов жакын арада Кыргызстанга кайтып келет. Ага карата саясий максатта кылмыш иши козголгондуктан, токтотулушу керек, дейт тарапташтары. 4 экспертизанын жыйынтыгында Бабановдун сөздөрүнөн кылмыштын белгилери табылган жок.

Кыргыз милициясы полицияга айланышы мүмкүн. Муну ишке ашыруу үчүн Ички иштер министрлиги таза эмес кызматкерлерден арылышы керек.

Ботаникалык бактын 300 дарагы жок кылынганы турат. Бишкек мэриясы көчөнү кеңейтүү үчүн өсүмдүктөрдү кыюуга камынууда. Активисттер жана шаардыктар буга каршы.