Жаңылыктар / 27.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

715

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча шектүү жетекчилердин тизмеси дагы узаруусу мүмкүн! Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү ТЭЦти модернизациялоо боюнча чечимге 3 премьер-министрдин тиешеси бар дешүүдө.

Ички иштер министрлигинде эле соңку жылдары 2,5 миңден ашуун кылмыш иши токтотулуп же биротоле жабылган! Эми алар боюнча чечимдердин мыйзамдуулугу текшерилет.

Бишкектеги Ош базары эч жакка көчүрүлбөйт! Жыл башынан бери 3 жолу өрттөнгөн соода комплексинде иштегендер менен өкмөт жетекчилиги жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз сахнасында англис тилинде роль аткарган коноктор! 500 жылдык тарыхы бар Лондондун «Глобус» театрынын актерлору Бишкекте Шекспирдин «Макбет» трагедиясын коюууга катышып жатышат.