Жаңылыктар​ / 27.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

836

Кыргызстанда казино ачуу тууралуу мыйзам долбооруна вето коюлушу мүмкүн. Президент Садыр Жапаров элдин пикири эске алынарын убадалады.

Түндө Бишкекте батирде жалгыз калып ыйлап жаткан жеринен табылган бөбөк балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. 2,5 жаштагы кыздын ата-энеси кайда болгон?

Өлкөдө коронавируска кабылгандар кайрадан көбөйө түштү. Маданий жайлар биринин артынан экинчиси жабылууда. Эмдөөгө кезекке тургандардын катары узарууда.

Маршруттук таксиде жол акы 19 сомго чыгабы? Калаа бийлиги жол кире боюнча үч вариантты камтыган документтин долбоорун талкууга чыгарды.