Жаңылыктар / 27.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2491

2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу суракка чакырылгандардын тизмеси узарууда. Президент Садыр Жапаров күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүн колдоо иретинде Корея өлкөсү 8 миллион доллар грант бөлгөнү жатат. Ал каражат жаңы кабыл алынып жаткан регламенттеги өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга жумшалат.

Улуттук хирургия борборунан камактагы адамдын качып кетүүсү боюнча тиешелүү милиционерлерге карата ички териштирүү башталды. Шектүү бир нече сааттан кийин Аламүдүн-1 кичи районунда жашынып жүргөн жеринен кармалган.

«Бурана» тарыхый-архитектуралык мунарасы оңдоодон өтө баштады. Обьекттин чокусу суу өткөрбөй турган курулуш материалдары менен капталып, жер титирөөгө туруктуулугу иликтенип чыгат.