Жаңылыктар / 27.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1179

Былтыр ЕАЭБден тышкары өлкөлөр менен товарлардын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 844 миллиард долларды түздү. Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны өттү.

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттай баштады. Бишкекте айрым коммерциялык банктарда доллар сатылбай жатканы ишкерлердин айласын кетирүүдө. Бул боюнча Улуттук банк эмне дейт?

Бишкекте 5 миң кишиге ылайыкташкан борбордук мечит бузулуп, ордуна 10 миң адамды батырган жай курулганы турат. Муфтият ага кеткен каражатты демөөчүлөр берет деп ишендирүүдө.

Улуу композиторлор Бах, Моцарт, Вивальдинин чыгармалары ачык асман алдында жаңырганда. Бишкекте 2 күндөн бери президенттик “Манас” оркестринин концерти өтүүдө.