Жаңылыктар / 27.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

704

Мегакомду сатууда инвесторлор менен кезектеги жаңжал жаралбайбы? Депутаттар парламентте «Альфа Телекомго» кызыгып жаткан ишкерди дыкат текшерүү керектигин айтышты.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуучу аппараттардын кайсы бир талапкердин штабында жайгаштырылышы — административдик ресурсту колдонууга барабар. «Жарандык Платформа» коомдук фонду билдирүү жасады.

Биз өзүбүз тандоо жасагыбыз келет! Бишкекте 3 миң адамдын катышуусунда жөө жүрүш өткөнү жатат. Максаты административдик ресурска каршы туруу.

Ашхабадда өтүп жаткан Бешинчи Азия оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстандын байге куржунунда 13 алтын, 20 күмүш 37 коло медаль бар.