Жаңылыктар / 27.09.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

383

Эмдиги жылы пенсия 2 айга кеч берилиши мүмкүн. Бул тууралуу ачык айткан социалдык фонддун жетекчиси премьер-министрдин каарына калды.

Жерүй алтын кенине байланыштуу митинг болбойт. Айрым саясий күчтөр инвесторлорго сес көрсөтүп, акча өндүрүү максатында соодалашууга аракет кылганы айтылды.

Машиналар кымгуут өткөн көчөдө баласын көтөрүп алып, кайыр сураган ата. Мындай жол менен ал уулунун операциясына акча чогултууга аракет кылган.

Пайдаланууга бериле электе, бузула баштаган бала бакча үчүн ким жооп берет? Чүйдөгү Төрткүл айылында 2 жыл мурда курулуп бүткөн имарат иштебей турат.