Жаңылыктар / 27.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1004

Баткен областындагы шахталардын биринде 3 киши иске ууланып, каза тапты. Жергиликтүү тургундар өз алдынча көмүр казып жүрүшкөн.

Евразия биримдиги үмүттү актабай калдыбы? Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан өз продукциясын башка өлкөлөргө алып чыгуунун жолдорун издеш керек деди.

Казакстанга өтө албай, чек арада турган айдоочулардын чыдамы кете баштады. Учурда аларда күйүүчү май тартыш болууда.

Кыштын келиши менен көмүрдүн баасы кымбаттап кетүү коркунучу бар. Экономика министрлиги болсо, буга жол берилбейт деп кепилдик берүүдө.