Жаңылыктар / 27.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1113

“Мыйзамдагы ууру” делген Камчы Көлбаев камактан бошотулат. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бийлик менен криминал кызматташып жатканын айтты. УКМК четке какты.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Эми мурдагы жетекчилерге жаза өтөөдөн качуу беренесине ылайык дагы 5 жыл кошулат экен.

Бишкек шаарында жаңы мэр. Балбак Түлөбаев расмий түрдө жумушка киришти. Бирок ага каршылар кайрадан митинг уюштурушту.

Элдик толкундоолордон кийин жаракат алган 9 жарандын абалы оор бойдон калууда. 24 жаштагы жигит дагы деле комада. Жабырлануучуларга убада кылынган компенсация качан төлөнөт?