Жаңылыктар / 27.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

951

Шайлоо өнөктүгүнө аралашкан 2 аткаминер жазаланды. Бири иштен бошотулса, экинчисине катуу сөгүш жарыяланды. Саясий өнөктүгүнө кийлигишкендер «ишеничтен кетти» деген негизде экинчи жумушка алынбай турганы да эскертилди.

Кылмыштуу топ түзүп экспортчуларга бут тоскон деп шектелип кармалган аткаминерлердин тизмеси узарууда. Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары Ильич Марсбек уулу менен Амангелди Исаев кармалды.

Өкмөттүн түзүмүндө кайрадан өзгөртүүлөр. Жогорку Кеңеш санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине Дастан Догоевдун талапкерлигин жактырды. Ал арада бир нече мекеменин тагдыры бүдөмүк бойдон калууда.

Өлүмгө себепчи болгон мал-жандык. Талас областында тез жардам унаасы кырсыкка кабылып 2 адам каза тапты. Кырсыкка машинанын алдынан жылкы чыга калганы себеп болгону айтылды.