Жаңылыктар / 27.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

972

Кыргызстанга Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик визити менен келди. Эки өлкөнүн башчыларынын катышуусунда Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйыны болду.

Сапар Исаковго 15, Айбек Калиевге 17, ал эми Жантөрө Сатыбалдиевге 11 жыл жаза мөөнөтү. Мамлекеттик айыптоочу Бишкек ЖЭБи боюнча иште мурдагы жетекчилердин баарын күнөөлүү деп табууну өтүндү.

Кыш башталбай жатып, каттамга чыкпай калган автобустар. Бишкек мэриясы бул үчүн шаардыктардан кечирим сурады. Ал арада окуучулар үйлөрүнө жете албай убара.

Акыркы 2 сутка ичинде эле 12 адам суукка тоңуп каза тапты. Булардын бары үй-жайы жоктор. Ал арада муниципалдык баш калкалоочу жайга келген селсаяктардын саны өстү.