Жаңылыктар / 27.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1161

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев 2 айга камакка алынды. Ал расмий түрдө кызматынан бошотулуп, ордуна экс-депутат Анарбек Калматов келди.

Мектепте аныкталган коррупциялык схема. Бишкек шаарындагы №28 мектеп-гимназиясында 5 жыл бою 10 адам мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып турган.

Орус тили — расмий макамынан ажыратылбайт, мамлекеттин аталышы өзгөрбөйт! Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө дагы кандай сунуштар келип түшүүдө?

Аралыктан билим алып жаткан студенттердин окуу төлөмүн арзандатуу керек. Дал ушундай сунушу менен Акыйкатчы Токон Мамытов Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды.