Жаңылыктар / 27.12.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

566

Бурганак менен коштолгон калың кардын кесепеттери. Бишкек жана эки областта электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Борбор калаанын көчөлөрүн кызматкерлер тазалап жетишпей жатышты.

НТСке көз арткандар апрель революциясына жана мурдагы, учурдагы президентке шек келтиргени үчүн жоопкерчиликке тартылабы? «Грекстон Кэпитал компаниясы» апрель окуясынан берки алты жылды кооптуу абалга теңегени үчүн Башкы прокуратура реакция жасашы керек, дейт юристтер.

Ойлонулбай кабыл алынган мыйзам үчүн ким жооп берет? «Жөлөк пул» берүүнү үч айга кечеңдетүү сунушу парламент депутаттарын эки жаатка болду.

Эң кооз коомдук унаа. Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруттук таксинин айдоочулары жаңы жылга карата мыкты жасалгалоо боюнча жарышууда.