Жаңылыктар / 27.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

5491

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанда учактын кыйрашы боюнча Казакстан элине жана Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты. Авиакырсыкта 15 киши набыт болуп, 22 киши оор абалда жатат.

«Ата Мекен» фракциясындагы күтүүсүз өзгөрүүлөр. Алмамбет Шыкмаматов мандатын ташырып, аталган саясий бирикме менен жолу эки башка экенин жар салды. Фракция жаңы лидерлүү болду.

Грузияда кармалган кылмыштуу наркотоптун ичинен кыргызстандыктар да чыкты. Алар көмүскө рынокто 2 миллион доллардан ашык акчага бааланган маңзаттарын сатып жүрүшкөн.

Жыл бою жакшы окуп, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айрымаланган студенттер. Жогорку окуу жайлардын мыкты делген 74 студенти президент Сооронбай Жээнбековдун колунан стипендия алды.