Жаңылыктар​ / 28.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1012

Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий түрдө киришти. Анын ант берүү аземи Улуттук филармонияда өтүп, ага миңден ашык конок катышты.

Ошол эле убакта жүздөгөн киши инаугурациянын жүрүшүнө “Ала-Тоо” аянтында көз салып турушту. Бул үчүн атайын лэд-экрандар орнотулган.

Акыркы күндөрү Бишкекте уурулук фактылары көбөйдү. Борбордук мечитте 900 миң сом салынган капчык уурдалса, соцкызматкермин деген аял калаа тургунунун 700 миң сомдой акчасын шыпырып кеткен.

Кийинки аптадан тарта бала бакчалар бөбөктөрдү кабыл алууну баштайбы азырынча белгисиз. Акыркы күндөрү өлкөдө эпидкырдаал күчөгөнү байкалууда.