Жаңылыктар / 28.01.22 / Кечки чыгарылыш (видео)

1426

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө 5 маселе боюнча орток пикир табылган. Эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайта баштады. Кошуна өлкө тарабынан келтирилген чыгымдарды эми ким төлөйт?

Чек ара жаңжалында 12 аскер кызматкери жабыркады. Тажикстандан атылган жардыруучу заттын чачырандысынан жаракат алгандардын абалы орто оор деп бааланууда.

Баткен областынын чек ара аймактарында жайгашкан бардык үйлөр мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат. Министрлер кабинетинин төрагасы дубандагы көйгөйлөрдү чукул чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргызстандын намысын коргогон спортчу кыздар. Душанбе шаарында футзал боюнча өткөн эл аралык турнирде Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Тажикстандын командасын 4:1 эсебинде утуп алды.