Жаңылыктар / 28.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1217

Валюта базарындагы туруксуздук жана кезектеги дүрбөлөң. Өткөн түнү өлкөдө доллар кайрадан 5-6 сомго кымбаттап, 97 сомго чейин чыкты. Бирок Улуттук банк азырынча интервенцияга муктаждык жок экенин билдирди.

Шайлоонун жүрүшүндөгү добуш сатып алуу, үгүт эрежелерин бузуу жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу. Бишкектеги 2 округда өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Айрымдары анын жыйынтыгын тааныбай турганын айтышууда.

Той-аш жана маркумду узатуу зыйнатына салынган тыюуларга баш ийбегендерге 150 миң сомго чейин айып пул салынышы ыктымал. Тиешелүү мыйзам долбооруна дал ушундай өзгөртүү сунушталууда.

Заманбап «Айтыш баттл». Бишкекте айтыш өнөрү жаңы форматта өткөрүлдү. Курултай долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарага 16 жез таңдай төкмө акын катышты.