Жаңылыктар / 28.03.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

450

Кыргызстан менен Россия президенттери кызматташуу боюнча 17 макулдашууга кол коюшту. Канттагы авиабазанын аймагы кеңейтилип, ижарасы көбөйтүлдү. Россия Жерүйгө 600 миллион доллар инвестиция салмай болду.

Окумуштуу-илимпоздор саясий оюндардын курманы болбошу керек. Өмүрбек Бабановдун сөзүнө экспертиза жүргүзүп, акыйкат корутунду чыгарганы үчүн Үмүт Култаеванын жумуштан алынганына интеллигенция өкүлдөрү нааразы.

Белгилүү спортчу Орзубек Назаров Ички иштер министрлигин сотко берип утуп алды. 2 жыл мурдагы аварияга жол сакчысы күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылды.

Бишкекте 100гө жакын өспүрүм мушташты. Окуучулардын ортосундагы жаңжалдан бир нече бала жабыркаганы айтылууда.