Жаңылыктар​ / 28.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

829

Баткенде чек арага жакын тилкеде кайрадан чыр чыкты. Тажик тарап Көк-Таш айылында видеокөзөмөл камерасын орното баштаганы үчүн түшүнбөстүктөр жаралганы айтылууда.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматтан алынсын! Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасы боюнча чечим кабыл алды.

Ысык-Көлдө казино ачууну демилгелеген депутаттар мыйзам долбоорун артка чакыртып албайбыз деп жатышат. Алар документ боюнча сунуштардын баарын кабыл алууга даяр.

Кыргызстанда экологияга зыян келтирбей турган унааларды көбөйтүү сунушталууда. Бишкекте электромобилдердин жүрүшү болуп, ага кырктай транспорт катышты.