Жаңылыктар / 28.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2560

Чек арадагы талаштуу тилкелерди чечүү кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Президент Садыр Жапаров былтыр 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгерлер анын жүрөк-кан тамырларындагы карышуу катуу чарчагандан улам болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Айдоочуга кол көтөргөн милиционер иштен алынды. Ал тартип сакчысына тиешелүү болгон кодекс менен уставдарды одоно бузуп, милициянын кызматтык аброюна шек келтирген деп табылды.

Каражаттарды максатсыз колдонуу жана негизсиз акча которуулар. Бишкек мэриясынын 2019-2020 жылдардагы бюджетти аткарууда 6,5 миллиард сомго жакын финансылык бузуу табылды.