Жаңылыктар / 28.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

922

Чүйдө Камаз, комбайн жана жеңил машинанын катышуусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Авариядан 8 киши жабыркап, бир адам мерт кетти.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 11-июлга белгиленди. Саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө 30 эмес, 20 күн берилет.

Ядро ыргытуу боюнча спорт чебери тубаса церебралдык шал оорусу менен жабыркаган Арстанбек Базаркуловдун үйү авариялык абалда. Жаңы там салуу үчүн каражат чогултулууда.

Бишкекте конкур жарышы өткөрүлдү. Дүйнөлүк кубок үчүн ат салышууга 11 өлкөдөн спортчулар келишкен.