Жаңылыктар / 28.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

926

Алоолонгон от. Эвакуацияланган кызматкерлер. Бишкек шаарындагы тамактануучу жайдын кампасынан өрт чыгып, 850 чарчы метр жери күйүп кетти.

Улуттук банкты 4 жыл башкарган Толкунбек Абдыгулов ушул жумада отставкага кетиши мүмкүн. Аны кызматтан бошотуу боюнча документ парламентке келип түштү. Ордуна ким келет?

1-ноябрдан тарта Бишкек шаарында маршруттук таксиде жүрүү 15 сом, автобус жана троллейбустарга жол кире 11 сомдон болот. Тариф көтөрүүнү колдогон шаардык кеңештин депутаттары өздөрү коомдук унаага түшөбү?

Окуу жылы башталган 2 жуманын ичинде Кыргызстан боюнча 37 окуучудан коронавирус аныкталган. Анын 13ү Бишкек шаарында. Ордо калаадагы 13 класс карантинге жабылды.