Жаңылыктар / 28.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

373

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков соттук отурумдарга мажбурланып алып келинет. Соттун мындай өкүмүнөн кийин экс-премьер-министр жараянга өз ыктыяры менен катышууну чечти.

Өлкөдө ун кымбаттады. Өндүрүүчүлөр муну Казакстанда буудайдын түшүмү начар болгону менен байланыштырышууда.

Чоң муштум күйөөнүн кезектеги курмандыгы. 2 баланын энеси үйүнөн качып, жашырынып жүрөт. Окуяны милиция териштирип, балдарды социалдык кызматкерлер алып кетти.

Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жараткан айдоочулар. Жол эрежесин бузганы аз келгенсип, трассанын ортосунда мушташкан айдоочулар иштен алынды.