Жаңылыктар / 28.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1049

Мас абалында унаа айдагандарды 3 жылга, жолдо карама-каршы тилкеге чыга калгандарды 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу. Бул демилгени көтөргөн инспекторлор муну менен жол кырсыктарынын саны азаят деген ойдо.

Шайлоого аттангандардын документтерин текшерип, каттоого алуучу акыркы күн. БШКнын түнкү саат 12ге чейин убакыты бар. Эртең үгүт иштери башталат.

Дыйкандар күзгү айдап себүү жумуштарын аткарууда солярка, үрөн жана жер семирткич тартыш болуп жатканын айтышууда. Айыл чарба министри бул боюнча эмне дейт?

31 жаштагы эне 2 жылдан бери кызымды көрөм деген тилегине жетпей калды. Көкүрөк рагынын 4-стадиясы менен жабыркаган Алина Батурова көз жумду.