Жаңылыктар / 28.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1695

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги сессиясы өттү. Кол коюлган документтердин көпчүлүгү коопсуздукка багытталган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча айыпталган 8 экс-аткаминердин бирөөсү айып менен кутулабы? Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 100 миллион төлөп койгону ачыкталды.

Коррупцияны айтып чыккан офицерге Аскер прокуратурасы баа берет. Мамлекеттик чек ара кызматы тармакта паракорчулук жок деп көпчүлүктү ишендирүү аракетин көрүүдө.

Эскертүү менен эсептешпеген ишкерлер. Борбор калаада бир топ тез татым түйүндөрү жабылды. Алар адистердин айткандарына кулак салган эмес.