Жаңылыктар / 29.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

573

Бишкек ТЭЦинде кайрадан авария. Шаардыктарга жылуулук качан берилээри дагы деле белгисиз. Кырсыктын кесепеттери качан жоюлаарын аткаминерлер өздөрү дагы билбейт.

Кыштын ызгаарында элдин жылуулуксуз калышына кимдер жооп берет? ТЭЦтеги кырсыктын себептерин УКМК, Башкы прокуратура жана Финполиция иликтей баштады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө 143 миллион сомдук зыян алып келип, эл аралык жаңжал жараткан бажы кызматкерлери кимдер? Башкы прокуратура Бажы тармагындагы мыйзамсыз схеманы таап, төрт кылмыш ишин козгоду.

Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштерине даярбыз дегени менен, чечилбеген маселелер бар. Дан өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоого бул жылы каражат каралган эмес.