Жаңылыктар / 29.01.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

483

Үй-бүлөлүк зомбулуктун кезектеги курмандыктары. Жалал-Абадда 2 жашар бала ур-токмоктон каза болду. Ал эми Ысык-Көлдө жарым ай мурда чарчап калган наристе катуу сабалганын экспертиза аныктады.

Кытайдын Үрүмчү шаарынан кыргызстандык дагы 6 студент келди. Алар коронавирус дартына текшерүү үчүн Москва райондук ооруканасына жаткырылды.

Парламенттик шайлоону утурлай партиялар жандана баштады. 8 айдан кийин боло турган өнөктүккө кимдер кандай даярданууда?

Бишкекте каракчылык, талап-тоноо фактылары күчөдү. Уруулар чаламандын чак түшүндө үйгө чейин кирип барышууда.