Жаңылыктар / 29.03.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

379

Кыргызстан демократиялык өлкө экенин дагы бир иш менен далилдеши керек. Укук коргоочулар, юристтер мурдагы бийлик учурунда жасалма ачылган кылмыш иштерин жабууга чакырды.

Якутияда эмгек мигранттарына чектөө киргизилди. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги анын биздин жарандарга тиешеси жок экенин айтууда.

Ала качууну экинчи ирет алдын алган милиция кызматкери. Бурулайдын окуясынан кийин тартип сакчылары кыз ала качкандарды кармоодо этият болуп калышты.

Дарыгерлердин шалаакалыгыбы же оорунун кесепетиби? Электр станциялары ишканасынын директору Аскар Эшимбековдун өлүмүнө дарыгер күнөөлүү, дейт жакындары. Медиктер мындай айыптоолорго макул эмес.